Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 03.04.2014 14:47

Оштун студенттери ЖОЖдор аралык спартакиадада бокс боюнча 1-орунду камсыз кылышты

Turmush -  Ош технологиялык университетинин студенттери жогорку окуу жайлар аралык спартакиадада спорттун бокс түрү боюнча биринчи орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган оюнга 7 окуу жайдын командалары менен күч сынашышкан. Жыйынтыгында 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло утуп алышты. ОшТУнун спортсмендери Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак баракчасы жана Кубок менен сыйланды.

Эске салсак, жогорку окуу жайлар аралык спартакиада ОшТУнун спорттук командасы жогорку лигада оюн көргөзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×