Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.04.2014 17:15

Өзгөндө элдик революциянын 4 жылдыгына карата улуттук күрөш боюнча мелдеш болуп өттү

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында 7-апрель - элдик революциянын 4 жылдыгына карата Аль-Хамид спорттук клубунун базасында улуттук күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.

Мелдешке 6 баладан турган команда жана 2 кыздан турган команда катышты. Иш-чарага билим берүү бөлүмүнүн башчысы, райондук спорт комитетинин төрагасы катышып, жеңишке жетишкендер облустук мелдештерге жолдомо алышты.

Ошондой эле, бул мелдешке демөөрчүлөр тарабынан 3 миң сом акча каражаты жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×