Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 08.04.2014 11:42

Ошто улуттар аралык достукту чыңдоо максатында журналисттер арасында кичи футбол өтөт

Turmush -  Ош шаарында 12-апрель күнү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш болуп өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар билдирди.

Мелдешке шаардагы телекомпания, гезит, маалымат булактарынын кызматкерлери катышат. Оюнга Жалал-Абаддан 7-канал менен ЖТР телекомпаниялары да чакырылган.

Турнир улуттар аралык достукту, маданий карым-катнашты, журналисттердин мамилесин чындоо жана сергек жашоону жүргүзүү максатында уюштурулду.

Мелдеш 12-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене-тарбия факультетинин футбол талаасында саат 9:00дө башталат. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом, баалуу жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×