Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуНоокат району 09.04.2014 17:47

Ноокат районунун окуучулары облустук спартакиадада шахмат, улуттук күрөш жана эркин күрөш боюнча 1-орунду алды

Turmush -  Ноокат районунун окуучулары облустук спартакиадада шахмат, улуттук күрөш жана эркин күрөш боюнча 1-орунду алды. Бул тууралуу Ош облусуна караштуу Ноокат райондук балдардын спорттук мектебинин директору Тыныбек Бекботоев.

Анын айтымында, Ош шаарында өтүп жаткан мектеп окуучуларынын спорттук 66-спартакиадасына район боюнча 134 окуучу спорттун 11 түрү боюнча катышууда.

Маалым болгондой, Ноокат районунун окуучулары спорттун шахмат, улуттук күрөш жана эркин күрөш боюнча 1-орунду, грек рим күрөшү боюнча 2-орунду, ал эми кыргыз элинин улуттук оюну эсептелген тогуз коргоол боюнча 4-орунду камсыз кылышты.

Спорттун калган түрлөрү боюнча спартакиада уланып жатат, дейт директор Тыныбек Бекботоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×