Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 10.04.2014 17:47

Ош шаарында мектеп окуучулары «Булгаары топ - 2012» футболдук турнирине катышат

Turmush -  Кечээ, 9-апрел күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Панфилов атындагы мектепте шаардагы дене тарбия мугалимдери «Булгаары топ» футболдук турнирин өткөрүү боюнча жыйынга чогулду. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жыйынга аталган футболдук турнирди уюштуруп жаткан «Коко-Кола» компаниясынын өкүлү Айжана Жумалиева, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр катышты.

Футболдук турниринин алгачкы баскычы шаардагы 3 курактагы мектеп окуучулары арасында өтүүсү күтүлүүдө. Башкача айтканда, 4-5-6-7-8-класстын окуучулары катыша алат.

«Жалпы шаардагы мектептердин окуучуларынын бул мелдешке катуу даярдык көрүүдө. Мелдештин алгачкы этабы апрель айынын соңуна чейин өткөрүлүп, окуучулар 12 топко бөлүнүп ойношот. Бул 12 топтун ар биринде 4-5тен мектеп бар. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү жарым финал, андан кийин шаардык финалда ойношмокчу. Бул этаптары май айынын этегине чейин, башкача айтканда окуу жылынын соңуна чейин бүткөрүлүүсү пландаштырылууда. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсановдун айтымында, шаардык мелдештин жеңүүчүлөрү республикалык мелдешке жолдомо алат», - деп билдирди билим берүү башкармалыгы.

Кошумчалай кетсек, кечээ Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кока-Кола компаниясынын өкүлү Айжана Жумалиеваны кабыл алуусунда бул иш-чараны колдой тургандыгын, мындай мелдештерди эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгуу зарыл экендигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×