Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын автоунаалары жабык жерге токтотулуп баштады.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, бастырманы курууга эски курулуш материалдары колдонулду. Тактап айтканда, Гүлчө айылындагы №4 бала бакчасынын эски имаратынан, айыл өкмөткө тиешелүү эски имараттан чыгарылган курулуш материалдарынан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларын токтотуу үчүн бастырма курулду.
«Мекеменин автоунаалары буга чейин сыртта токтотулуп, шарт болгон эмес. Мисалы, жумушчулар жаан-чачын учурунда автоунаалардын дөңгөлөктөрүн сыртта алмаштырчу. Эми ыңгайлуу шарт түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.