Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусу, Ош 28.01.2014 18:13

Шаарда жер саткан шылуундар бар экенин Ош шаарын мэрине билдиришти

Turmush -  Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин шаардагы «Туран» аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуусунда жерди мыйзамсыз жол менен алып, кайрадан сатып жаткан шылуундар бар экени жөнүндө даттанышты.

«Туран» кичи шаарчасынын жашоочусу Гулям Исмаилов чоң аянттагы жер тилкесин алып, аны жарандарга турак-жай куруу үчүн кымбат баада сатып жаткан Мырза аттуу жаран жөнүндө өз даттануусун билдирди.

Калаа башчысы шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Нурмаматовичтен бул маселе боюнча тез арада териштирүү иштерин жүргүзүп, маселенин чоо жайын аныктоону, жарандар айткандай фактылар орун алса мыйзам чегинде чара көрүүнү жана токтотууну тапшырды.

Ошондой эле «Туран» аймактык кеңешинде өткөн жолугушууда 2012-жылы жаңыдан насостук станция курулганы менен, ал станция толук иштебей «Туран» шаарчасына жайкы сезондо суу 1-2 саат гана чыгаары, жолдордун абалы өтө начарлап, мунун кесепетинде маршуруттук каттам кышкысын акыркы аялдамасына жете албай, эл 2-3 километр жөө келүүгө мажбур экенин, бала бакча имараты мыйзамсыз аймактык кеңешке берилип кетип, бөбөктөр үйү таңкыс болуп жатканын, айрым көп кабаттуу үйлөрдө жарыктын кубаты начардыгынан, суу чыкпаганынан чатырынан суу өткөнүнөн элдин жашоосу абдан кыйындаганы айтылды.

Айрым маселелерди мэр шаардык кызматтардын жетекчилерине тапшырма берүү менен жеринен чечти.

Эл тарабынан көтөрүлгөн кээ бир орчундуу маселелерди мэр жеке көзөмөлүнө алаарын жана сөзсүз элге өз кайрылууларынын жыйынтыгы чыга турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×