Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 30.06.2014 15:37

Айыл турмушу : фото - Ош шаарындагы парктардын дем алыш күндөрдөгү көрүнүшү

Turmush -  Ош шаарында балдардын жана чоңдордун толук кандуу эс алуусу үчүн 7 парк жана 10 гүлбакча бар. Мындай маданий эс алуу жайларынын башкы максаты - калкты маданий-нравалык тарбиялоо менен катар алардын табият менен болгон мамилесин жакшыртуу жана ага канааттандыруу болуп саналат.

Эс алуу жайлары тарыхый-маданий, ден-соолукту чыңдоо, мемориалдык, көңүл ачуучу, тарбиялоочу жана башка багыттардагы бир нече функцияны аткарат.

Бардык парктардын ичинен (А. Навои, Т.Сатылганов атындагы парк, «Мээрим», «Чынар», «Жеңиш» паркы жана «Балдар») Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жана бири-бири менен аллея аркылуу байланыштырылган парктарды адамдар көп кыдырышат.

Көп жылдык бактардын көлөкөсү, аттракциондор жана башка эс алуу үчүн түзүлгөн шарттарда ата-энелер балдары менен шаардын ызы-чуусунан алыстап, балдардын эс алуучу жана көңүл ачуучу жомоктогудай таза дүйнөсүнө кире алышат.

Парктардан ар дайым отургучтардагы сүйүшкөндөрдү, жакын жердеги окучуларды, жаш балдары менен келген апаларды, шахмат оюнунун жана стол үстүндөгү теннис сүйүүчүлөрүн жолуктурууга болот. Ал эми алыс эмес жайгашкан фонтанариумдар жайдын ысык аптабында эстетикалык сулуулук менен катар салкындык тартуулайт. Өзгөчө балдар фонтанды жакшы көрүшөт. Ал эми чоңдор фонтанды карап туруп, ачык жана санаасыз балалыгын эске саларын белгилешет.

Шардык парктардагы эс алуучулардын жалпы саны ар бир дем алыш күндөрү орточо эсеп менен 300-400 адамды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×