Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 11.07.2014 09:44

Айыл турмушу: Оштун тургуну 30 жылдан бери урушка чыгуучу короз, тоокторду багып келет (фото)

Turmush -  Ош шаарынын ар бир короосунан жөжөлөрүн ээрчиткен күрп тоокту көрүүгө болот. Адатта алар эч кандай тукумга ээ болбостон, үй тоогу деп аталат. Ал эми тоок багууну сүйүүчүлөрдүн короолорунан урушка колдонулуучу тукумдагы тоокторду да көрүүгө болот.

Алардын бири Номанжан Кочкоров 74 жашта. Ал 30 жылдан ашуун убактан бери урушка багытталган тооктун тукумдарын өстүрүп келет.

Анын айтымында, жаш кезинде тоокторду уруш үчүн баккан. Ал эми азыр жөн гана эстетикалык ырахат алуу максатына багат.

Урушка колдонулган тооктордун арасында «Азиль», «Браму», «Дакан», «Араукан» жана башка тукумдар эсептелет.

Белгилей кетсек, урушка колдонулган короздордун төшү чоң, булчуңдуу келип, башы чоң, тумшугу бекем жана буту узун, күчтүү болот. Өңдөрү кочкул кызылдан тарта көгүш, ала болуп, ар кандай түстөр менен айкалышып турат.

«Короздор тоокторго караганда күчтүүрөөк болгондуктан негизинен урушка короздору колдонулат. 1 жаш короз 1-1,5 миң сом турат. Ал эми тооктор андан арзаныраак. Урушка колдонулуучу тооктор бир эле учурда үйдөгүлөрдүн сүймөнчүгү болуп, мени кубантып келет», - дейт Н.Кочкоров.

Адистер аталган тукумдун жетишсиздиктери катары ичке, узун денесин жана ийинин, жумшак борпоң жүнүн, серпилгич, бирок кармаганда жумшак сезилген булчуң эттерин, узун тумшугун, көздөрүнүн кочкул кызыл түсүн, симметриялуу эмес жайгашкан куйругун белгилешет.

Н.Кочкоровдун айтымында, алардын түсү өзгөчө роль ойнобойт. Негизгиси дени сак, эттүү жана бекем булчуңдуу көрүнүшкө ээ болушу керек. Аларды ар кандай сорттогу кошмо тоют жана өсүмдүк белогуна бай чөп чарлар менен азыктандырып, багууга да оңой.

10 07 2014_цыплята 1

10 07 2014_цыплята 210 07 2014_цыплята 5


10 07 2014_цыплята 6


10 07 2014_цыплята 4


10 07 2014_цыплята 3


10 07 2014_цыплята 7

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×