Turmush — Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 2025-жылдын 1-январынан тарта айлык акылар жогорулады. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңырган жылдын алгачкы иш жумалыгында жемкорлукту кыскартуу багытында өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында КӨЭАУнун жетекчилиги окуу жайдын жалпы эмгек жамаатына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ага улай эле эмгек жамаатына социалдык жактан колдоо көрсөтүп, окуу жайда жемкорлукту түп орду менен жок кылуу максатында профессордук-окутуучулар жамаатын аттестациядан өткөрүүнү, көрсөткүчүнүн бийиктигине жараша эмгек акысына кошумча төлөм киргизүү боюнча окумуштуулар кеңешинде каралып, колдоо тапты. Натыйжада аттестацияга катышкан окуутучуларга, андан тышкары жалпы эле эмгек жамаатынын айлык акысына 2025-жылдын 1- январынан тартып университеттин каржы мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча төлөм бериле баштады.
Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков окутуучуларга мүмкүн болгон бардык шарттарды түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, декабрь айында айлыктан сырткары ар бир кызматкер Жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө сыйлык акчаларды алышкан.