Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу 14.07.2014 13:44

Айыл турмушу: Оштогу Кичик жайлоосунда бал челекчилер күзгү түшүм алуунун аракетинде (фоторепортаж)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кичик жайлоосунан көптөгөн бал челектерди кезиктирүүгө болот. Алсак, бул жайлоодо мындай бал челектерди ар бир үчүнчү үйдөн кезиктирүүгө болот.

Бал челекчилердин бири Бектур Каныбек уулунун айтымында, ал бал челектерин июль айында алып келген. Ал жыл сайын бал челектерин Кичик жайлоосуна жакын аймактарга жайгаштырат.
«Быйыл бул жайлоодо жакшы бал болот деп ойлогом. Анткени, Кичик жайлоосунда жана анын жанындагы жайлоолордо аарылар азыктанчу түрдүү жана көп бал алууга азыктандырган гүлдөр өсөт. Ошондой эле, чөптөр тез өсүп тургандыктан бал жакшы түшүмдүү болот. Учурда балчынын 120дай челеги бар. Ар бир бал челекте бирден үй-бүлө жашайт.

«Аарылар таза жана өзгөчө болот. Мисалы, аларды кароо аябай машакаттуу, алар жашоочу жай жана башка азыктанчу нерселер таза болушу керек. Ал эми өзгөчөлүгү болсо бал топтоп, бал челегине алып келгенде аарылар ар кимиси өз үйүн кирет. Аары үй-бүлөсүнөн адашып калган учурда башка үй-бүлө аны кабыл албайт», - дейт ал.

Балчы июль айынын акырында түшүмүнүн биринчисин өндүрөт. Андан соң аны сатыкка коет. Анын айтымында, өткөн жылы балдын 1 кг баасын 250 сомдон саткан. Быйыл канчадан сатуу керек белгисиз, дейт балчы.
Анын билдиргенине караганда, бир жылда 120 бал челектен 3 тоннадан ашык бал өндүрүлүп, жакшы эле түшүм болот.

Ал кошумчалагандай, бал берүүчү аарылардын түрлөрү болот: Карпад, Кавказ жана башка. Көбүнчө балчылар Карпад аарысын багат.
Ушундай балчылар сыяктуу бал челектер күнү-түнү аарыларды карап, жаңы пайда болгон үй-бүлөлөрдү бөлүп, жайын тазалап карап турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×