Turmush — Ош облусунун Өзгөн шаарында санитардык талаптарды сактабаган салат саткан 6 жай жабылды. Бул тууралуу Өзгөн райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Гулзита Бекова билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 12-мартындагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык-санитардык эрежелердин сакталышы боюнча 5 ирет рейддик текшерүү жүргүзүлдү.
Борбордук базарда 7 салат саткан жай аныкталды. Алардын ичинен санитардык талаптарга жооп берген 1 жай ишин улантууда. Калган 6 жай 2025-жылдын 1-апрелинен тартып кыш мезгилине чейин санитардык сунуштун негизинде ишин токтоткон. Ууланып калуунун алдын алуу максатында 6 жай кышка чейин жабылды.
Текшерүүдө төмөнкү негизги талаптар каралды:
- тез бузуулучу азыктарды (жашылча жана майонез кошулган салаттар) атайын үстүн жаап, тосулган жерде сатуу;
- азык-түлүктү туура даярдоо жана сактоо;
- айлана-чөйрөсүн тазалап, иретке келтирүү;
- сатуучунун медициналык кароодон өтүүсү;
- таза жана коопсуз таңгактар (баштыктар);
- муздаткычта, таза жана ылайыктуу жайда сактоо шарттары.