Turmush — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Өзбекстандын Энергетика министрлигине караштуу Улуттук илимий изилдөө институту тарабынан уюштурулган «Дүйнөдө жана Өзбекстанда көмүр тектүү өндүрүштүн жаңы горизонттору» деген II Эл аралык илимий-практикалык конференцияда баяндама жасады.
Маалым болгондой, ректор А.Мамасыдыков өз сөзүндө дүйнө коомчулугун тынчсыздандырган климаттык өзгөрүүлөр, энергетикалык коопсуздук жана туруктуу экономикалык өсүш маселелерине токтолду. Ал көмүртектүү заттарды өнүктүрүү мамлекеттер үчүн чектөө болбошу керектигин, тескерисинче жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, жаңы жумуш орундарын жана инновациялык технологияларды алып келерин баса белгиледи.
«Бул багытта бүгүнкү университеттер төмөнкү миссияларга приоритет бериши керек: биринчиден, жашыл технологияларга багытталган билим берүү программаларын өркүндөтүү. Экинчиден, кайра жаралуучу энергия булактары жана энергияны үнөмдөө багытында илимий изилдөөлөрдү күчөтүү. Үчүнчүдөн, жашыл энергия багытында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана мыкты тажрыйбаларды киргизүү. Кыргыз–Өзбек Эл аралык университети илим-билимге жашыл келечекти айкалыштырып, жаш муун үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда», - деди Мамасыдыков.
Конференциянын жүрүшүндө энергетиканын экономикалык көйгөйлөрү жана утилизациясы, жасалма интеллект жана санариптик технологиялардын ролу, альтернативдүү энергия булактары боюнча талкуулар жүрдү. «ACWA Power» өндүрүштүк объектилерине зыярат уюштурулуп, конокторго 250 МВт кубаттуулуктагы станциянын иши көрсөтүлдү.
Эл аралык жыйындын алкагында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети Өзбекстандын Энергетика министрлигинин алдындагы Улуттук илимий изилдөө институту менен меморандумга кол койду.
«Бул келишим кайра жаралуучу энергия булактарын биргеликте изилдөөгө, университетке күн станцияларын курууга, аймакта жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана жогорку билим берүү жаатында үзүрлүү кызматташууга жол ачат», деди Өзбекстандын Улуттук илимий изилдөө институтунун директору Акбаржан Мухамеджанов.
КӨЭАУ илим-билимди, инновацияны жашыл келечек менен айкалыштырууга артыкчылык берген университетке айланууда.