Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айыл аймагында мектеп окуучулары үчүн «Евразия» автобустары каттап жатат.
Айыл өкмөт башчысы Советбек Караевдин айтымында, автобустар 2024-жылы алынып келген жана учурда үзгүлтүксүз иштеп, балдарды мектепке ташууда.
«Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектепке “Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун каржылоосу менен автобус берилген. Азыр ал тынымсыз каттап, 5-6 чакырым алыстыктан окуучулар келип-кетишет. Күйүүчү майды айыл өкмөтү камсыздап берет, ал эми айдоочунун айлык маянасын ата-энелер чогултуп беришет», — деди ал.
Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектебинин директору Нуржамал Маматованын айтымында, мектепке 50гө жакын окуучу автобус менен келип-кетет.
«Окуучулар Ботомойнок жана Жийде айылдарынан келишет. Ал айылдар мектептен алыс, жолдо үйлөр жок, ээн талаа. Кышкысын балдар кыйналып жүрүшчү. Азыр автобус каттап, абал кыйла жакшы болду. Биздин мектепте жалпы 508 окуучу билим алат», — деди ал.
Ата-энелердин бири Гүлдана Айтмаматова да автобус каттай баштагандан бери балдардын коопсуздугу камсыз болгонун белгиледи.
«Менин балам автобус менен мектепке барып келет. Биздин Жийде айылында кыштын суугунда же жамгырда балдар кыйналып, караңгыда жүрүшчү. Автобус каттай баштагандан бери абал жакшырып, ата-энелердин да санаасы тынчыды», — деди ал.
Автобустун айдоочусу Камчыбек Топчубаевдин айтымында, ал эртең менен окуучуларды мектепке жеткирип, кечинде үйлөрүнө алып барат.
«Эртең менен ылдыйкы Ботомойнок айылынан саат 6:50дө чыгып, окуучуларды мектепке алып келем. Андан кийин саат 7:30да жогорку Жийде айылына барып, окуучуларды алып келип, мектепке жеткирем. Кечинде саат 18:00дөн баштап окуучуларды үйлөрүнө ташыйм. Күн сайын орто эсеп менен 90го жакын окуучу каттап окуйт. Алардын айрымдары мектептен 5–6 чакырым алыста жашашат», — деди ал.