Turmush — QS рейтингинин 2026-жылга Азия боюнча жыйынтыктары чыгарылды. Ага ылайык, бул жылы Азия континентинен 1526 университет катышып, 550 жаңы университеттер рейтингге кирди. Сурамжылоого 1,5 млн академиялык эксперттер жана 520 миңге жакын иш берүүчүлөр катышкан. Elsevier платформасында жарыяланган 19.8 млн макалалар изилденген. Бул көрсөткүч QS рейтингин дүйнөдөгү эң алдыңкы рейтинг агенттигине айландырды.
2026-жылы QS рейтингине Борбор Азиядагы 73 университет катышты. Анын ичинде Ош мамлекеттик университети 22-орунду багындырды. Бул жетишкендик ОшМУнун аймактагы кадыр-баркын көтөрүп, индекстелген басылмаларга катышуу, маалыматтардын жеткиликтүүлүгү, базалык эл аралык деңгээлде минималдуу болуусу сыяктуу бир катар эл аралык талаптарга жооп берерин көрсөтөт.
Өткөн жылдагы QS Asia-2025 рейтингине салыштырмалуу ОшМУ бул жылы жалпы 39.9 упай топтоду. Анын ичинен негизги критерийлери болгон академиялык репутация, иш берүүчүлөр арасындагы репутация, чет өлкөлүк профессордук окутуучулук курамдын көрсөткүчү, профессордук окутуучулук курамдын сапаттык көрсөткүчү 2025-жылга салыштырмалуу 6 упайга көтөрүлдү. Бул натыйжалардын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети Азия университеттеринин 79,4 пайызынан ашып өттү, өткөн жылы бул көрсөткүч 73,8 пайыз болгон.