Turmush — Кечээ, 17-мартта Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө окуучуларга арналган ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Иш-чара Кара-Суу РИИБ жана Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан уюштурулду. Окуучулар милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, коомдук тартипти сактоодо тартип сакчыларынын ролу тууралуу кеңири маалымат алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар бөлүмдүн имаратын кыдырып, жарандарды кабыл алуу тартиби, 102 кызматынын иштөө жол-жоболору, чакырууларга ыкчам жооп берүү шарттары менен таанышышты. Ошондой эле видеобайкоо камераларынын иши, тергөө кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүккө ээ болушту.
Мындан тышкары милициянын атайын отрядынын кызматкерлери кылмышкерлерди кармоодо колдонулуучу самбо ыкмаларына күбө болушту.
Аталган иш-чара жаш өспүрүмдөрдү мыйзамдуулукту сактоого үндөө, терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөдү. Соңунда окуучулар милиция кызматкерлери менен суроо-жооп иретинде баарлашып, ой-пикирлери менен бөлүштү.