Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Нооруз майрамынын алкагында сүмөлөк кайнатуу боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Бүгүн, 21-мартта аталган айылда Нооруз майрамынын урматына арналып сүмөлөк кайнатуу боюнча «Мыкты сүмөлөк» сынагы өттү. Сынакта жалпы 14 казан сүмөлөк кайнатылып, калыстар курамынын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орунду Байгөнчөк айылы багындырып, 15 миң сом жана диплом;
- 2-орунду Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү ээлеп, 10 миң сом жана диплом;
- 3-орунду Кайыңды-Булак айылы камсыздап, 8 миң сом жана диплом менен сыйланышты.
Мындан тышкары, ар бир сынакка активдүү катышып, колдоо көрсөтүп берген мекеме-ишканалар жана кол өнөрчүлөрчүлөргө Баетов айыл өкмөтү тарабынан 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.