Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну — 68 жаштагы уста Сүйүнаалы Момунбаев көп жылдан бери зер буюмдарын, ат жабдыктарын, камчы жана этно-философиялык мааниге ээ буюмдарды жасап келет. Уста менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Ал өз өнөрүн ата-бабасынан мурастап алганын айтып, өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн кол өнөрчүлүккө арнаганын белгиледи.
«Бул — атамдан калган өнөр. Чоң атам да, атам да уста болгон. Жалгыз эркек уул болгондуктан 12 жашымдан баштап атама жардам берип жүрүп үйрөнгөм. Өнөргө аралашканыма 55 жылдан ашты. Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайды бүтүргөм. Учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин сүрөт искусствосу факультетинде билим алып жатам», - дейт ал.
Анын айтымында, билим алуу эч качан кеч эмес. Учурда аталган университте сырттан билим алып, акыркы курста окуп жатат.
«Бешиктен кабырга чейин билим ал деген хадис бар. Чет жактарга чыкканда билимдин зарылдыгын түшүнөсүң. 68 жаш деле жаш экен, 80 жашта да окуса болот», – дейт уста.
Ал Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзуна мүчө болуп, «Маданияттын мыкты кызматкери» жана Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамдарына ээ.
Жакында ал Алматы шаарында өткөн көргөзмөгө катышып, эмгектери жогорку баага татыганын белгилейт. Анын айтымында, ар бир жасаган буюмунда терең философиялык маани камтылган.
Уста өзгөчө сыймыктанган окуялардын бири катары Нурсултан Назарбаевге белекке берилген ээрди эскерет.
«Союз тарагандан кийин Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келгенде көргөзмө уюштурулган. Ошол жердеги ээрлердин ичинен менин эмгегимди тандап, ага белек кылышкан. Ал ээр үч жылкынын баасына бааланган», - дейт ал.
Мындан тышкары, уста камчы жасап, аны Роза Отунбаевага белекке бергенин да айтып өттү.
Белгилүү актриса Сайра Момунбаева анын бир тууган карындашы.