Turmush — 24-март күнү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 2 кишиге кол салган жолбун ит мергенчилер тарабынан атылды. Бул тууралуу райондук ветеринария кызматынан билдиришти
Маалыматка караганда, алардын бири жеке ветеринар болсо экинчиси аскер кызматкери болгон. Жолбун ит 25-март күнү жок кылынды. Анализдердин жыйынтыгы менен ал кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталган. Жабыркагандар убагында эмдөө алып дарыланууда.
Учурда ал ит үргөн жерлердеги мал-жандыктарга кутурмага каршы эмдөө иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, 26-мартта мэрияда жана облустук администрацияда кырдаал боюнча чукул жыйын өтүүдө.