Turmush — Ош облусунун Араван районунда капуста бышып, Россияга экспорттолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Галдарбек Мадалиев билдирди.
Анын айтымында, капустанын басай сорту январь айында эгилген. Учурда түшүм жыйналып жатат.
«Быйыл 30 гектар жер аянтына капустанын 4 түрү эгилген .Учурда капустанын басай сортунун түшүмү жыйналып жатат. 45 тонна капуста Россияга экспорттолду. Капустанын килограммы 35-40 сомдон сатылууда. Жалпы түшүм 450 тоннага жетери күтүлүүдө. Калган сорттордун түшүмү май айында жыйналат», - деди ал.
Turmush басылмасы 2025-жылдын апрель айынын ортосунда Араван районунда күнөсканада өстүрүлгөн капуста бышып, экспортко чыгарылып жатканын жазган.
Март айында Дөбө-Коргон айыл аймагындагы дыйкан-фермерлер 90 тонна капуста жыйнап, Россия Федерациясынын Новосибирск шаарына экспортко жөнөтүшкөн.
2024-жылы Араван районунда жалпы 14 гектар жерге эрте быша турганкапуста эгилген. Араванда өстүрүлгөн капусталар Ош шаарындагы жана жергиликтүү базарларга, Россия, Казакстанга чейин экспорттолот.
2023-жылы аталган аймактын дыйкандары күнөсканада өстүрүлгөн капусталарды февраль айында сатыкка чыгара баштаган. Бир килограммын 40 сомдон сатышкан. Жылына 450-500 тоннага чейин чет жактарга экспорттолот.