Turmush — Нарын шаарынын мэри болуп Жылдызбек Беккелдиев дайындалды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жылдызбек Беккелдиев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалган. Буга чейин ал президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратын жетектеп келген.
Беккелдиев Жылдызбек Рысбекович 1982-жылдын 7-майында Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылыда туулган.
Билими:
1999–2004-жылдары — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин гидромелиорация жана жерге жайгаштыруу факультетинде инженер-мелиоратор адистигине окуган;
2007–2008-жылдары — Кыргыз Республикасынын президентине караштуу башкаруу академиясында мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча магистр бөлүмүндө билим алган.
Эмгек жолу:
- 2004-2008-жылдары — Кара-Бүргөн айыл өкмөтүндө статист-экономист;
- 2008-2009-жылдары — каржы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- 2009-2010-жылдары — уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2010-2011-жылдары — каржы-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2011-2012-жылдары — Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын коргоо жана укук тартиби бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2012-2016-жылдары — өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2016-2021-жылдары — өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- 2021-2022-жылдары — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси;
- 2023-2023-жылдары — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чечимдерди даярдоо, экспертизалоо жана аткаруу башкармалыгынын жетекчиси;
- 2023-2026-жылдары — президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси.