Turmush — Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Аксаамаев Райымбек Мусакожоевич дайындалды.
Жаңы жетекчини Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы—аким Алмазбек Рахманкулов эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматына ийгиликтерди каалады.
Аксаамаев Райымбек Мусакожоевич 1990-жылдын 23-мартында туулган.
Билими:
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аймак таануу бөлүмүндө билим алган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору.
Эмгек жолу:
- 2012–2014-жылдары — Кант шаардык мэриясына караштуу балдар билим берүү борборунда ийрим жетекчи;
- 2014–2015-жылдары — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында өнөр жай, ишкердик жана инвестицияларды тартуу секторунун адиси;
- 2015–2016-жылдары — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык-маданий тармак боюнча жетектөөчү адиси;
- 2016–2017-жылдары — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында социалдык жана маданият секторунун жетектөөчү адиси;
- 2017-жылы — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, ишкердик жана инвестицияларды тартуу секторунун башкы адиси;
- 2017–2019-жылдары — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу-укуктук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери секторунун башкы адиси;
- 2019–2021-жылдары — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын борбордук аппаратында уюштуруу, укуктук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши боюнча бөлүм башчысы;
- 2022–2023-жылдары — Кочкорбаев айылдык кеңешинин жооптуу катчысы;
- 2023–2024-жылдары — Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн борбордук аппаратында аппараттык-уюштуруу иштер боюнча жооптуу катчы;
- 2024-жылы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
- 2024–2025-жылдары — Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
- 2025-жылы — Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын чечимдерди аткарууну контролдоо секторунун башчысы, ошондой эле басма сөз катчысы;
- 2025-2026-жылдары — Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы.