Turmush — Ош шаарынын «Базар» дирекциясынын жетекчиси Б.А. кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, ал пара менен кармалганы айтылууда.
Анын кармалганы боюнча маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Б.А.2025-жылдын ноябрь айында дирекциясынын башчысы болуп дайындалган.