Turmush — Ысык-Көл облустук соту киши өлтүрүү боюнча айыпталган адамдардын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Прохор (аты өзгөртүлдү К.П.С.) 1986-жылы Ош шаарында туулган. Кыргызстандын жараны. Мурда соттолгон эмес.
Лидия (аты өзгөртүлдү У.Л.А.) 1990-жылы Ак-Суу районундагы айылдардын биринде туулган. Мурда соттолгон эмес.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Лидия 2025-жылдын 18-июнунда саат 22:30 чамасында Ак-Суу районунун айылындагы үйдө өзүнүн жарандык никедеги жолдошу Алеша (аты өзгөртүлдү П.А.Ю) менен арак ичип отурган. Ортодо чыр чыгып, Алеша бычак ала калып Лидияны коркуткан. Бирок ал анын колун кармай калганда бычак жерге түшүп калган. Ошол учурда бычакты өзү ала калып, Алешаны көкүрөккө сайып жиберип, сыртка качкан. Алеша анын артынан кубалап жөнөгөн. Бирок ошол учурда алардын эшигине Лидиянын мурдагы жарандык никедеги жолдошу Прохор келип калып, ал Алешанын колунан бычакты жулуп алып, аны дагы 2 жолу сайып жиберген. Алеша алган жаракатынан улам үйдүн коридорунда каза болгон.
Прохор менен Лидия арак ичүүнү уланткан. Андан кийин Прохор кетип калган. Саат 4:00 чамасында Лидия апасына барып, Алешанын каза болгонун айтып берген.
Ал экөө бул факты боюнча Ак-Суу райондук сотунун 2026-жылдын 19-январындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү) менен айыптуу деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жаза өтөө мөөнөтү 2025-жылдын 19-июнунан баштап эсептелген.
Лидия бул өкүм менен макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу менен кайрылган. Ал өзүнүн күнөөсүн жарым-жартылай гана мойнун алган. Арызында ал күнү саат 19:00 чамасында жарандык никедеги жолдошу Алеша менен үйгө келип, арак ичишкенин айтып берген. Алеша үйдүн короосуна чыгып, жапайы өскөн кара куурайды жулуп келип, аны жылыткычка кургата баштаган. Андан жыт чыга баштаганда, ага бул үчүн экөө тең камалып кетиши мүмкүн экенин айтып, кара куурайларды ыргытууга аракет кылган. Ошонун айынан ортодо чыр чыккан. Алеша катуу жинденип, аны бетке чаап, бычак менен моюнга сайганга аракет кылган. Аны түртүп жибергенде бычакты дагы шилтеген. Бычак анын колун кесип кеткен. Анын колун кармай калганда бычак жерге түшкөн. Бычакты ала калып, Алешаны көкүрөккө сайып жиберген. Алеша буга ого бетер жинденип, аны муунта баштаган. Ошол учурда жардам сурап кыйкыра баштаганда Прохор келе калып, Алеша менен кармаша кеткен. Прохор андан кийин кетип калган. Өзү болсо түнкү саат 2:00го чейин отуруп, андан кийин апасына барып, Алеша каза болгонун айтып берген.
Ал облустук сотко берген арызында райондук сот ишти бир тараптуу караганын, өзү болсо аны өлтүрүүгө аралашпаганын айтып, жаңы өкүм чыгарып берүүнү суранган.
Облустук сотко Прохор да кайрылып, күнөөсүн жарым-жартылай гана мойнуна алды. Ал күнү Лидинян үйүнөн жардам сураган кыйкырыгын угуп калып кирип барган. Алеша Лидияны муунтуп жатканын терезеден көрүп калып, айнекти каккылаган. Ошол учурда Алеша аны карап калганда Лидия анын колунан бошонуп, эшикке качып жөнөгөн. Лидия болсо анын колунда бычак бар экенин айтып кыйкырган. Алеша өзү да сыртка чыкканда анын колунан бычакты тартып, 2 жолу сайып жиберген.
Прохор кылганына өкүнөрүн, аны өлтүрүү ниети болбогонун айтып, райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, кайрадан кароого жиберүүнү суранган.
Облустук соттун өкүмү:
Ысык-Көл облустук соту 2026-жылдын 24-мартында иштин материалдарын карап чыгып, Ак-Суу райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Прохор менен Лидиянын арыздары канааттандырылган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.