Turmush — Бүгүн, 22-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
22-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.