Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуНоокат району 18.09.2014 10:49

Түштүк колорити: Апшыр-Ата мазарында 15-20 метр бийиктиктен түшкөн шаркыратманын кандай тереңдиктен чыгаарын эч ким билбейт (фото)

Turmush -  Апшыр-Ата мазары Ноокат районунун Т.Кулатов айыл аймагында жайгашып, Ноокат районунун бирден бир визиттик карточкасы катары сакталып келүүдө.

Зоо ичинен чыккан шаркыратмасы, тоо түбүнөн чыккан шыпаа булагы Азиздар үйү деп эсептелген сырдуу үңкүрү жана жамандыкты өзүнө алып, жакшылыкка карай жол баштаган балбан ташы айтор келген адамдар үчүн табышмактуу, сырдуу элес калтырып келет.

Апшыр-Ата суусу зоонун боорунан оргуштап чыгып, бийиктиги 15-20 метр жерден түшкөн шаркыратмадан турат, суу кандайча, кандай тереңдиктен чыгаарын бүгүнкү күнгө чейин билген эч ким жок.

Шаркыратманын төмөнүрөөк жерде шыпаа булагы бар. Ал булакка бир эле жүзүн жууган адам ажарына чыгып калат дешет. Ал эми шаркыратманын бет маңдайында Азиздер үңкүрү бар. Ал үңкүрдүн ичинде дагы 3 үңкүр болуп биринин тереңдиги 10 метрге жетсе, бири 3 км жерден зоонун батыш бөлүгүнөн чыгат, дешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×