Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 06.10.2014 16:35

Фото - Ош шаарындагы «Салтанат» галереясында Орто Азиянын буюм- тайымдары көргөзмөдө

Turmush -  Ош шаарындагы «Салтанат» көркөм сүрөт галереясында Орто Азия элдерине тиешелуу буюм-тайымдар көргөзмөгө коюлган.

Аталган сүрөт галереясынын жетекчиси Салтанат Кайбылдаеванын айтымында, анда зер буюмдар, сүрөтчүлөрдүн жаратылышты чагылдырган эмгектери жана Орто Азия элдеринин улуттук кийимдери көргөзмөдө турат.
Маалым болгондой, көргөзмөдө турган чопо чоорлор, чоподон, керамикадан жасалган сувенирлер,тактайдан жасалган буюмдар Бакыт Ормокеев тарабынан жасалган.

Ал эми, сүрөттөр Баатыр Жалиев, Гарбунов, Рыскул Аманов, Кадыр Беков сыяктуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери.

Кошумчалай кетсек, 1993-жылдан бери иштеп келаткан «Салтанат» галереясына туристтер жана искусствого кызыккан адамдар көп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×