Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуАраван району 15.12.2014 10:27

Айыл турмушу: Аравандык жигит талдан себет жасап сатат (фото)

Turmush -  Ош облусунун Араван районунун тургуну Бахадыр суу боюнда өскөн талдардан себет жасап, Ош шаарына алып келип сатат. Бахадыр, суу талдардан бышык болоорун жана себет кооз жасалаарын айтат.

«Мен эки жылдан бери себет жасап сатам. Бир себетке 2-3 күн убакыт кетет. «Суу тал» деп коебуз, суунун жээктеринде өсөт. Ошол талдардын бутактарын кыркып, ичке чырпыктарын себет кылып токуп чыгам. Азыр кичинесин 200 сомдон, чоң себетти 250 сомдон сатып жатам. Тойлорго алып жатышат», - дейт Бахадыр.

Алуучулар колдо жасалган себет сапаттуу экенин билдиришти.

IMG-20141215-WA0104

IMG-20141215-WA0106

IMG-20141215-WA0107

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×